«Челси» Чемпиондор лигасынын тарыхында экинчи жолу жеңишке жетти. Абрамовичтин реакциясы кандай болду?

«Челси» футболдук клубу Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылдардагы сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Кечээ, 29-майда Портуда өткөн турнирдин финалында «Челси» клубу «Манчестер Сити» командасын 1:0 эсеп менен утуп алды. Жалгыз голду 42-мүнөттө жарым коргоочу Кай Хавертц киргизди.

Ошентип, «Челси» өзүнүн тарыхында башкы европалык футболдук турнирди экинчи жолу утту. Буга чейин аталган клуб Чемпиондор лигасын 2012-жылы финалда «Бавария» командасын жеңип алуу менен биринчиликти багынткан эле. 2021-жылы сезондун жүрүшүндө «Челси» машыктыруучусун Фрэнк Лэмпарддан Томас Тухелге алмаштырган.

2003-жылдан бери «Челси» клубуна орусиялык ишкер Роман Абрамович ээлик кылат. Азыркы тапта аталган команда эң кирешелүү клубдардын ичинен 8-орунду алат.