Чемпиондор лигасы: Чейрек финалда ким менен ким кездешет?

Бүгүн, 19-мартта УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жана жарым финалынын жуптарын тактоочу чүчүкулак болуп өттү.

Чүчүкулактын жыйынтыгы менен командалар төмөнкүдөй тартипте ойношмой болду:

1/4  финалдык оюндар:

Манчестер Сити (Англия)  – Боруссия Д (Германия)

Порту (Португалия) – Челси (Англия)

Бавария (Германия) — ПСЖ (Франция)

Реал Мадрид (Испания) – Ливерпуль (Англия)

 

Ал эми жарым финалдык оюндарда Бавария  — ПСЖ оюнунун жеңүүчүсү менен Манчестер Сити – Боруссия Дортмунд беттешинин жеңүүчүсү кез келет.

Экинчи жуп болсо, Реал Мадрид – Ливерпуль беттешинин жеңүүчүсү Порту – Челси оюнунун жеңүүчүсү менен ойнойт.