Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери орун алат

УЕФА Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештеринин кезектеги оюндары 18-мартка караган түнү болот. Анда мюнхендик “Бавария” клубу өз үйүндө “Лациону” кабыл алат. Эскерте кетсек, биринчи оюнда Бавария Лациону 4:1 эсебинде жеңип алган.

Ал эми бул түндүн экинчи беттеши “Челси” менен мадриддик “Атлетико” клубунун ортосунда болот. Биринчи оюнда Атлетико Челсиге 0:1 эсебинде жеңилип калган.