УЕФА Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештеринин экинчи айлампасы 11-мартка караган түнү болот. Анда париждик “Пари-Сен-Жермен” клубу өз үйүндө каталониялык “Барселона” клубун кабыл алат. Эскерте кетсек, биринчи оюнда ПСЖ Барселонаны 4:1 эсебинде жеңип алган.
Ал эми бул түндүн экинчи беттеши “Ливерпуль” менен “Лейпциг” клубунун ортосунда болот. Биринчи оюнда Лейпциг Ливерпулга 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.