Чемпиондор лигасынын финалга чыккан командалар белгилүү болду

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын жооптук беттешинде “Реал” менен “Челси” командалары оюн өткөрдү. Англиялык команда 2:0 эсебинде “Реалды” утуп, финалга чыкты. Ошондой эле “Манчестер Сити” дагы 2:0 эсебинде “ПСЖны” жеңип финалга өттү. Мындан улам финалда “Манчестер Сити” менен “Челси” командалары беттешет. Оюн 29-майга белгиленген.

Чемпиондор лигасынын өткөн жылкы сезонунда германиялык “Бавария” командасы чемпион аталган.