Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына карата ат оюндары башталды

Бүгүн, 13-мартта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча Биринчи лиганын оюндары башталды. Маалыматты көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, көк бөрү боюнча мелдеш саат 10:00дө старт алган. Ал эми Жогорку лиганын жана Биринчи лиганын финалдык беттештери 21-мартта өтөт.

Буга чейин Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш быйыл көк бөрү легендалары Болот ШерниязовБолот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат» деген аталыш менен уюштурулары белгилүү болгон.

Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков СЕРЕП МЕДИА агенттигине аталган мелдешке Казакстан, Ооганстандан командалар чакырылганын бирок алар мелдешке келүүгө жетишпей калганын, чет элдик командалар үчүн өзүнчө оюн уюштуруларын айткан.