Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

22-23-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80+ килограмм;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 килограмм.
2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.