Чолпон-Атада көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

22-августтан 31-августка чейин Чолпон-Ата ипподромунда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдиришти.

Мелдешке жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары да катышат.

Мындан тышкары, 26-августтан 31-августка чейин Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы, Көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.