Дагы бир кыргыз балбан кызы Дүйнө кубогунун финалына чыкты

Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Ал 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жатат.

Алтын үчүн күрөштү бүгүн Жуманазарова чехиялык Адэла Ханзликова менен өткөрөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Бул дүйнө кубогунда буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков алтын байгенин ээси болушту.

Дүйнө кубогунун мелдештери 18-декабрга чейин уланат.