«Дагы бир медаль». Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков күрөш боюнча Грецияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды. 

Жалпысынан 100 килограмм салмакка чейинки категорияда 4 спортчу катталып, алар бир айлампада өз ара күрөшүштү. Биринчи айлампада Изабеков ирандык Фарзад Хоссейн Хелал менен беттешип, 8:4 эсебинде жеңишке жетсе, экинчисинде америкалык Эрик Отис Хинклини 8:0 эсебинде жеңип алды. Чечүүчү беттеште Изабеков польшалык Адам Чойнаски менен беттешти. Аны кыргызстандык 5:0 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиону болду.

Буга чейин Талант Бегалиев дагы Дүйнө чемпиону болсо, Сааданбек Ниязов коло медалга ээ болгон.