Кыргыз балбандарына дагы бир мүмкүнчүлүк! Украинада күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эркин, аялдар жана грек-рим күрөшү боюнча XXIV Киев эл аралык мелдеш башталды. Бул мелдешке дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн балбандар катышууда. Кыргызстандын намысын төмөндөгү спортчулар коргомокчу.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курамы:

55 килограмм — Нурмухаммет Абдуллаев;
60 килограмм — Жоламан Шаршенбеков;
63 килограмм — Калы Сулайманов;
67 килограмм — Марлен Асикеев, Амантур Исмаилов;
77 килограмм — Акжол Махмудов, Кайратбек Түгөлбаев;
82 килограмм — Калидин Асыкеев;
87 килограмм — Азат Салидинов;
97 килограмм — Үзүр Жузупбеков;
130 килограмм — Роман Ким.
Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курамы:

57 килограмм — Улукбек Жолдошбеков, Мырзаназар уулу Бекболот, Алмаз Сманбеков;
61 килограмм — Икромжон Хаджимуродов;
65 килограмм — Алибек Осмонов,Эрназар Акматалиев, Токтогул уулу Айбек;
70 килограмм — Исламбек Орозбеков;
74 килограмм — Догдурбек уулу Эламан, Арсалан Будажапов;
79 килограмм — Нарбек Изабеков, Саякбай Юсупов;
86 килограмм — Нуртилек Карыпбаев, Мирлан Чыныбеков;
92 килограмм — Жамгырбек уулу Дөөлөтбек;
97 килограмм — Сымбат Сулайманов;
125 килограмм — Айаал Лазарев.
Башкы машыктыруучу — Русланбек Маджинов.

Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын  курамы:
57 килограмм — Сезим Жуманазарова;
59 килограмм — Марсбек кызы Назира;
62 килограмм — Айсулуу Тыныбекова;
68 килограмм — Мээрим Жуманазарова;
76 килограмм — Медет кызы Айпери.
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.