Дана Уайт: «Хабиб Нурмагамедов UFCге кайтууга мүмкүнчүлүгү бар»

UFCнин чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун карьерасын улантууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт маалымат жыйын учурунда айтты.

«Эгер Хабиб кызыкдар болсо, 1-орундан 9-орунга чейин турган мушкерлердин мыкты беттештеринин бирин кабыл ала алат. Анын UFC майданына кайтып келүүгө дагы деле мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Мен кырдаалды ушундай баалап жатам. Хабибге эшик дагы деле ачык», — деди Уайт.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 24-октябрында Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254-турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасын колдонуп, 29-0 эсебинде утуп алган. Орусиялык мушкер ушул беттеш менен карьерасын жыйынтыктаган.