Денис Петрашов 30-июлда 200 метр брасс боюнча медаль үчүн мелдешет

Денис Петрашов 30-июлда Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында 200 метр брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.

Анын биринчи атаандаштарынын тизмеси:
Эрик Перссон — Швеция
Каспар Корбо — Нидерланддар
Зак Стаблети-Кук — Австралия
Иппей Ватанебэ — Жапония
Джош Мэзени — АКШ
Мигель де Лара — Мексика

Кечээ, 27-июлда суучул жарышка чыгып, 23-орунду ээледи. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, өзүнүн тобундагы сегиз суучулдун акыркысы болуп келди (1 мүнөт 0,42 секунд). Бул жыйынтык менен жарым финалга чыкпай калды.