Денис Петрашов бүгүн Париждеги Олимпиадада медаль үчүн беттешин баштайт

Бүгүн, 27-июлда сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына катышып, медаль үчүн беттешин баштайт. Ал Кыргызстандын атынан Парижде биринчи болуп жарышка чыгып, 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча катышат.
Денис Петрашов 100 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышып, өзүн мыкты көрсөткөн 36 спортчунун катарына кирди. Жарыштын жарым финалына 16 эң мыкты спортчу өтөт.
Анын биринчи атаандаштарынын тизмеси:
Цинь Хайян — Кытай
Камминга Арно — Нидерланддар
Сунь Цзяцзюнь — Кытай
Имуду Мелвин — Германия
Эргетир Беркай — Түркия
Чой Донг-Ель — Түштүк Корея
Калусовский Ян — Польша
Беттештер Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.