Бүгүн, 4-августта Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева Кыргызстанга кайтып келди.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Сингапурда өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр брасс стилинде сүзүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон. Айымкыз Айдаралиева 100 метр эркин сүзүү боюнча жарышка түшүп, анда жалпысынан 84 спортчу катышкан. 15 жаштагы кыргызстандык спортчу экинчи жарышта старт алып, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук натыйжа көрсөтүп, 61-орунду ээлеген.