Депутат Түмөнбаев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен баш тартты

Бүгүн, 17-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Көк-бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолугушту.

Акылбек Түмөнбаев бардык чечим мыйзамдуу түрдө болуш керек экендигин баса белгилеп, азыркы тапта президент татыктуу өз ишин аткарып жатканын айтып, ийгилик каалап, керек болсо улуттук спорту өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга даяр экендигин билдирген.

Жакын арада федерациянын президенти Талас Бегалиев съезд жарыялап, жасалган иштери тууралуу отчет берерин маалымдады.