Дмитрий Бивол эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун мүрзөсүнө барды

WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол бокс боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотовго куран окутту.

14-августта мушкер өз командасы менен Кыргызстандын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу жерге берилген Күрмөнтү айылына барган. «Биволду Адылкан Бекболотовдун уулдары тосуп алышты. Биз машыктыруучунун мүрзөсүнө барып, куран окудук», — деп айтылат маалыматта.

Бивол командасы менен Тамга айылында машыгууда.