Дмитрий Бивол кыргыз боксунда тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулуна акчалай сыйлык берди

Дмитрий Бивол кыргыз боксунда тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулуна акчалай сыйлык берди. Бул тууралуу Бокс федерациясы видео бөлүштү.

«Дмитрий Бивол Дүйнө чемпиондугунда коло медаль алган Мунарбек Сейитбек уулуна, жеке машыктыруучусуна жана башкы машыктыруучуга акчалай белек берди», — деп жазылат маалыматта.

Мушкер Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль – коло медалды жеңип алган. Бокс боюнча XXII дүйнө чемпионаты 30-апрелден 14-майга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 538 спортчу катышты.