Дмитрий Бивол Кыргызстандын желегинин өзгөрүп жатканы боюнча суроого жооп берди

24-декабрга караган түнү Сауд Аравияда Токмокто туулган спортчу Дмитрий Бивол эки бокс уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болду. Ал беттештен кийин журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстандын желегинин өзгөрүп жатканы боюнча үн катты.

«Башка желек болсо, башка болот. Эң негизгиси өлкөдө, андагы жашоочулардын жашоосунда өзгөрүү болсо болду. Желекти өзгөртүп жатышса, себеп болсо керек», — деди ал.