Дмитрий Биволду жеңген Артур Бетербиев Рамзан Кадыров тууралуу кеп кылды

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров менен абсолюттук чемпион Артур Бетербиев биргелешкен машыгуу жана бири-бирин сыйлоо тууралуу кеп кылышты. Бул тууралуу Tengri Sport жазды.

Кадыров 39 жаштагы мушкердин абсолюттук чемпион наамы үчүн Дмитрий Бивол менен болгон беттештеги жеңишинин маанилүүлүгүн белгиледи. «Артур Бетербиевдин Дмитрий Бивол менен болгон беттештеги жеңиши бүт чечен элинин спорттогу эле эмес, саясаттагы чоң ийгилиги болуп саналат. Мен аны тааныганыма, чогуу машыгып, чогуу жашап, чоӊойгонума сыймыктанам жана бактылуумун. Биздин Артурда чыныгы чечен жана мусулманда болушу керек болгон бардык сапаттар бар», — деп жазган «Грозный информ» Кадыровдун сөзүн.

Өз кезегинде Бетербиев Рамзан Кадыровдун беттеште болушу ага өзгөчө мотивация бергенин белгиледи. «Дайыма эле ушундай ийгиликтүү беттеш боло бербейт. Бул Рамзан Ахматовичтин жеңиши. Анткени бала кезимде менден жакшы мушкер чыгарын айтып, жеңишиме түрткү болгон», — деди мушкер.

Токмокто туулуп-өскөн Дмитрий Бивол Эр-Рияд шаарында өткөн «Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону» наамы үчүн 12 раунддук беттеште атаандашы Артур Бетербиевге утулуп калган. Калыстар тобунун эсеби төмөнкүдөй болгон: 114-114, 115-113, 116-112. Калыстардын чечими соцтармакта катуу талкуу жаратты.