Дүйнө биринчилигине тандоо: Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында кезектеги беттешин өткөрдү. Александр Крестинин баштаган улуттук курама команда Япониянын Осака шаарында Монголиянын футболчулары менен күч сынашты. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 0:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду.

Улуттук курама команданын оюнчусу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар — Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба коронавирус жуктурушу мүмкүн деп шектелип, уюштуруучулар аларга оюнга катышууга уруксат беришкен эмес. Техникалык жеңилүүгө дуушар болбош үчүн Кыргызстандын курамасынын дарбазасында коргоочу Айзар Акматов турган.