Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 77 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов атаандашы кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн 11-сентябрда венгриялык спортчу Золтан Леваи менен килемге чыгат.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.