Дүйнө чемпиондугу. Айпери Медет кызы алгачкы беттеште атаандашынан жеңилип калды

Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун башталышында жеңилип калды. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке чыкты.

1/8 финалдын этабындагы биринчи беттешинде Медет кызы кытайлык спортчу менен беттешип, ага 1:7 эсебинде жеңилип калган. Эгер кытайлык кыз финалга чыкса, Медет кызы коло үчүн жубатуучу турнирде беттешүүгө укук алат.