Хорватияда (Загреб шаары) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.
Кыргызстандын атынан 76 килограмм салмак ченинде Айпери Медет кызы килемге чыгат. Айпери Медет кызы беттешти 1/8 финалдан баштап, Түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.