Дүйнө чемпиондугу. Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыга алган жок. Ал бүгүн, 5-октябрда беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады.

Биринчи күрөштө кыргыз балбаны болгариялык Мария Оряшкова менен беттешип, 10:0 эсеби менен жеңишке жетип, чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны ушундай эле эсеп менен жеңген. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу эстониялык Эпп Мае менен беттешти. Кыргыз балбаны 3:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок акыркы секундаларда чабуулду өткөрүп жиберип, атаандашына жеңишти тартып алууга мүмкүнчүлүк берди.

6-октябрда Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.