Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова атаандашын бир мүнөттө жеңип, чейрек финалга чыкты

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Биринчи кармашта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Польшадан келген спортчуну жеңди. Экинчи беттеште Молдованын спортчусу Мариана Чердивараны жеңүүгө бир мүнөткө жетпеген убакыт керек болду.