Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекова жарым финалда

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты.

62 килограммга чейинки салмактагы учурдагы дүйнө чемпионунун беттеши бүгүн, 4-октябрда 1/8 финалдан башталып, япониялык Нонока Озаки менен беттешкен. Ал атаандашын 6:4 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова белоруссиялык Вераника Иванова менен беттешип, аны утуп, жарым финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.