Дүйнө чемпиондугу. Балбан Алибек Осмонов жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-октябрда балбан Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугундагы жарым финалга чыкты. Ал 1/4 финалда украиналык Василий Шуптар аттуу балбан менен кез келип, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Жарым финалда кыргыз балбаны Амирмохаммад Язданичерати аттуу ирандык балбан менен беттешет. Оюн Бишкектин убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Алибек Осмонов эркин күрөш боюнча 1/16 финалда франциялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде жеңген.