Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн килемге Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева чыгат

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.

Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат. 68 килограмм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова. 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Токио-2020 Олимп оюндарынын коло, Париж-2024 Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси биринчи айлампаны өткөрүп, 1/8 финалдык беттештен күрөшүп баштайт.

72 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева 1/8 финалда Казакстандык спортчу, төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси Жамиля Бакбергенова менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.