Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңиш менен баштады.
Балбан 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Анын биринчи атаандашы Литванын өкүлү болгон. Шаршенбеков аны мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки турга өттү.
Кийинки беттеште кыргызстандык Грузиядан барган спортчу менен беттешет.