Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Спортчу 60 килограммга чейинки салмакта алгач 1/16 финалдык беттешинде боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште грузиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалдык беттеште ирандык балбан менен күч сынашат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.