Дүйнө чемпиондугу. Кыргыз спортчу кыздарынын финалдык беттештери (видео)

Бир күн мурун Ослодо кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандык спортчулар — Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы жыйынтыктоочу протоколдо алтынчы орунду ээлеп, үч медалга ээ болушту.

Бул абдан бийик көрсөткүч. Дегенибиз 10 өкүлү Норвегияга барган Орусия курама командасы жетинчи орунду ээледи. Биздин спортчулардын беттештерин көрүңүз.