Дүйнө чемпиондугу. Кыргызстандык спортчулар Эрназар Акматалиев менен Мырзаназар уулу Бекболот жарым финалда

FS 51kg Sharip UUlu (KGZ) vs. BUNIATYN (ARM))

Ушул күндөрү Белградда 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Чемпиондукка кыргызстандык спортчулар да катышууда.

Бүгүн беттешке чыккан спортчулар Эрназар Акматалиев менен Мырзаназар уулу Бекболот жарым финалга чыгышты. Жарым финалдык беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.

Мырзаназар уулу Бекболот 1/4 финалдык баскычта ирандык спортчу менен беттешип, аны 7:0 эсебинде жеңип алды. Эрназар Акматалиев да ирандык спортчу менен кез келип, 10:6 эсебинде жеңди.