Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам беттештен четтеди

Балбан Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыга алган жок.

Ал 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Жуманазарова Перунун жана Украинанын спортчуларын эки жолу утуп, чейрек финалга чыкты. 1/8 финалдык беттеште украиналык менен болгон беттеште кыргызстандык жаракат алып, чейрек финалда күрөшүн улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Япониялык Ами Ишии беттешсиз жарым финалга өттү.

Жуманазарова медалдар жана Олимпиада лицензиясы үчүн күрөштөн четтеп калды.