Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти.
10-майда кыргызстандык спортчу жарым финалга чыгуу үчүн тажикстандык Асрор Вахидов менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Сейитбек уулуна ыйгарып, жарым финалга өткөн.