Дүйнө чемпиондугу. Португалия Роналдусуз Швейцарияны жеңди

Португалия курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалынын акыркы катышуучусу болуп калды.

1/8 финалдык беттеште португалиялыктар Швейцария менен беттешти. Турнирде биринчи жолу капитан Криштиану Роналду Португалиянын негизги курамына кирген жок, анын ордуна Гонсало Рамуш чыкты.

Жыйынтыгында Рамуш 3 гол киргизип, командасынын 6:1 эсебинде жеңишке жетишине шарт түздү. Роналду 74-мүнөттө 5:1 эсеби менен талаага кирди.