Дүйнө чемпиондугу. Улукбек Жолдошбеков алгачкы беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугундагы биринчи беттешинде жеңилип калды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 61 килограммга чейинки салмакта катышкан. 1/16 финалдык беттеште Жолдошбеков монголиялык Тувшинтулга Түмөнбилег менен беттешти. Кыргызстандык беттештин эсебин жетектеп турду, ал эми беттештин бүтүшүнө 18 секунд калганда эсеп анын пайдасына 7:3 болду. Бирок монголиялык спортчу 9 секундда 4 упай топтоого жетишип, жеңишти жулуп алды.

Кыргызстандык жеңилди, бирок ал монгол спортчусу финалга чыкса коло медаль үчүн сооротуучу турнирге катыша алат.