Дүйнө чемпиондугун багындырган балбан кыздар мекенге кайтып келишти (видео)

Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугун багындырган кыргызстандык спортчу кыздар Бишкекке келишти.

«Манас» эл аралык аэропортунда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучулары Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев, Чынарбек Изабеков келип түштү. Аларды жакындары жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев тосуп алды.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасына үч спортчу кирген. Үчөө тең медаль алды.

—  62 килограммга чейин Айсулуу Тыныбекова;

—  68 килограммга чейин Мээрим Жуманазарова;

—  76 килограммга чейин Айпери Медет кызы.