Дүйнө чемпиондугун жеңип алган хоккейчилерди кантип тосуп алышты? (сүрөт)

Бүгүн, 7-мартта “Манас” аэропортунда 27-февралдан 5-мартка чейин Боснияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта мыкты оюн көргөзүп, дүйнө чемпиондугун жеңип алган rыргызстандык хоккейчилерди салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Михаил Чеканов жетектеген спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, хоккейчилердин жакындары жана спорт күйөрмандары «Аксаамай» фольклордук ансамблинин музыкалык коштоосунда тосуп алышты.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы турнирде Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина, Сингапурдун курама командалары менен күч сынашып, III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасында дүйнө чемпиондугун багындырышты.