Дүйнө чемпиондугунда Тайырбек Жумашбек уулу коло байгенин ээси болду

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Белград (Сербия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 61 килограмм салмакта беттешип, алгач азербайжандык балбанды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган. Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген.

Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.