Дүйнө чемпиондугунда Тайырбек Жумашбек уулу коло медалга ээ болду

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Тиран шаарында (Албания) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду.

Спортчу 61 килограммга чейинки салмакта алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште азербайжандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилген.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык спортчуну жеңип 3-орунду ээледи.