Дүйнөлүк чемпионатта Түштүк Корея жеңишке жетип, Сон Хын Мин кубанычтан көзүнө жаш алды

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Түштүк Корея жеңишке жетип, Сон Хын Мин кубанычтан көзүнө жаш алды. Аталган курама команда бул жолкусу менен үчүнчү жолу плей-оффко чыкты.

Португалия менен болгон беттеште кореялыктар аракет кылганы менен, оюндун башында голду өткөрүп жиберишкен. Бирок жооп иретинде биринчи таймда гол киргизишип, кошулган убакыттын ичинде жеңишти аныктаган дагы бир голду киргизишти. Тагыраагы Сон Хын Мин оюндун 66-мүнөтүндө талаага чыккан Хван Хи Чанга пас берип, ал кореялыктардын эсинде көпкө кала турган жеңишти алып келди.

Оюндан кийин Хван Хи Чан беттешке чейин Сон Хын Мин ага «сен гол киргизесиң, мен сага ишенем» деп айтканын билдирди. Түштүк Корея курама командасынын капитаны Сон Хын Мин кубанычтан улам көзүнө жаш алганын айтып, ал учурду алар көпкө күткөнүн билдирди.