Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Сыйлоо аземинде кыргыз улакчылары медалын чечип салышты

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду. Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти.
Беттеш учурунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй токтотулду. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Ушундан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулду.
Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңген. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Орусия курамасын 18:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Эми Кыргызстан менен Казакстан курамалары көк бөрүдөн финалда беттешет. Беттеш 12-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат. Коло байге үчүн Орусия менен Түркия командалары күч сынашат. Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өткөн. Көк бөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышууда. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көк бөрү кайра кошулган. Кыргызстандын көк бөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылууда.