Дүйнөлүк Кубокто кыргыз балбандары дагы эки коло байгеге ээ болду

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары дагы да болсо ийгилик жаратышууда. Тактап айтканда финалдык беттеште эки балбан коло медалга ээ болушту.

Беттеш кечээ, 17-декабрда орун алып, анда 70 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Исламбек Орозбеков атаандашы азербайжандык балбан Гитиномагомед Гаджиевди 5:6 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду. Ал эми 125 килограмм салмак ченинде беттешке Кыргыз мамлекетинин атынан чыккан Айаал Лазарев азербайжандык Жамалдин Магомедовду 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медалга ээ болду.

Дагы бир кошумчалай кетчү жагдай – дал ушул Белградда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбековдун жасаган ыкмасы алтынчы күндүк оюндардын эң мыкты ыкмасы аталды. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.