Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 15 комплект медаль ойнотулат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катыша турган Кыргызстандын курама командасы тууралуу маалымат берди.

6-апрелде баштала турган Азия жана Океания чемпионаты Бишкек шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

  1. Кубанычбек Айбек уулу, 60 килограмм;
  2. Отар Бестаев, 60 килограмм;
  3. Артур Те, 66 килограмм;
  4. Байбол Саламат уулу, 66 килограмм;
  5. Бексултан Султанов, 73 килограмм;
  6. Владимир Золоев, 81 килограмм;
  7. Эрлан Шеров, 90 килограмм;
  8. Юрий Краковецкий, 100 килограммдан жогору;
  9. Бекболот Токтогонов, 100 килограммдан жогору.

Кыз-келиндердин курамасы:

  1. Айсулуу Мусакунова, 48 килограмм;
  2. Жанар Жолдошева, 48 килограмм;
  3. Сауле Алмазова, 52 килограмм;
  4. Адина Көчкөнбаева, 57 килограмм;
  5. Ксения Бельдягина, 57 килограмм;
  6. Ажар Исаева, 63 килограмм;
  7. Айжан Кадырбекова, 63 килограмм;
  8. Нагира Сарбашова, 78 килограммдан жогору.

Чемпионатта жалпы 15 комплект медаль ойнотулат жана беттештер көрүүчүлөрсүз өтөт.