Дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Грузиядагы турнирде жеңүүчү болду

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кубанычбек Айбек уулу Тбилиси шаарында (Грузия) өткөн Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болду.

Tbilisi Grand Slam 2023 турнири 24-мартта башталган. Чоң шлем турнирине бул жолу 61 өлкөнүн спортчулары катышты. Анда Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти. Спортчу Куба, Бразилия, Грузиянын спортчуларын жеңип, жарым финалга чыгып, анда дагы грузиялык атаандашын утуп, финалда Монголиядан барган спортчуну жеңди.

Кубанычбек Айбек уулунун алган алтын медалы өлкөнүн дзюдо тарыхындагы бул тирнирде алган биринчи алтын медалы болуп саналат. Чоң шлем турнири дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу сынактардын бири катары таанымал, ал Олимпиада оюндары жана Дүйнөлүк чемпиондуктан кийинки эле орунда турат.