Дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Кыздар арасында 57 килограммга чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, 70 килограммдан ашык салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Балдар арасында 55 килограмм чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 килограммга чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 килограммга чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту. Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти.

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпиондугу Ташкент шаарында өтүп жатат. 16-ноябрь күнү башталган мелдештер 19-ноябрда жыйынтыкталат.