Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу бүгүн Олимпиадада күрөшүн баштайт

Бүгүн, 28-июлда дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында өзүнүн күрөшүн баштайт. Ал 66 килограмм салмак категориясында күч сынайт.
Спортчу турнирди 1/16 финалдан баштайт жана анын биринчи атаандашы украиналык балбан Богдан Ядов болот. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.