Египеттеги турнир: Эрназар Акматалиев жеңгенден кийин атаандашын чаап жиберген (видео)

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Египетте өткөн рейтингдик турнирдин финалында жеңишке жеткенден кийин атаандашын чаап жиберген.

26-февралда 70 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште кыргызстандык америкалык Лукас Дакота Читтум менен беттешти. Беттеш Акматалиевдин жеңиши менен аяктады. 

Андан соң кыргызстандык атаандашын чаап жибергени америкалык спортчу менен калыстын нааразычылыгын жараткан. Окуя жөнгө салынып, спортчулар кол алышкан.