Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовду беттешке чакырды (видео)

31 жаштагы орусиялык грек-рим күрөшчү боюнча спортчу Роман Власов Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалайт. Видеону Gorilla Fighting өзүнүн соцтармактагы баракчасына жайгаштырды. 

Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону Роман Власов Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

«Мага Акжол менен беттеш боюнча көп адамдар жазышат. Ал Олимпиадада өзүнүн татыктуу экенин далилдеди. Айрыкча бир жерден жолуксак кызыктуу болмок. Албетте, аны менен кезектеги мелдештерде жолугабыз. Менимче бул күрөштү бир жерде уюштуруш керек окшойт. Анткени убакыт өтүп жатат. Бул күрөштү көптөгөн адамдар күтүп жатышат ”, — деди ал.

Ал эми Акжол буга жооп кылып, Инстаграмдагы баракчасына беттеш болсо, канчалык кызыгуу жаратарын катталуучуларына суроо салды.